Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев уулдарына той берди. Тагыраагы уулу Ибрагимге сүннөт той, ал эми кичүү уулу Төрөгелдиге бешик той берип, элден бата алды. Той 8-апрелде борбордогу тойканалардын биринде өттү. Ага ырчынын жакындары, жоро-жолдоштору жана кыргыз маданиятына салымын кошуп келе жаткан инсандар Муратбек Бегалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Кубаныч Ажыбаев, Айбек Касымов, Аскат Мусабеков, Замир Арыкбаев, Гүлжигит Калыков жана башка бир топ белгилүүлөр үй-бүлөлөрү менен бирге келишти.
Тойдун башында актрисалар Гүлжамал Мамытбекова менен Альбина Имашова алас айтып, Токтобек Асаналиевди жубайы Саадат жана балдары менен эл алдына алып киришти. Ал эми тамадалык милдет Эшенкул Барпиев, Талант Карагулов, Кубаныч Алиевге жүктөлдү.
















