Кечээ, 21-июнь күнү «Ынтымак-2» сейил багында интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси өттү. Кыргыз эстрада ырчылары тойдон бошобой, концерт берүү планы экинчи планга жылып кеткен маалда Бегимай айымдын чыкканы музыкага суусап турган эл үчүн да жакшы табылга болду көрүнөт. Ырчылыкты кесип катары алып жүрбөсө да Бегимай Турусбекованын үнүн угууга келген көрүүчүлөр көп болду. Сиздерге SuperTV каналы дрон менен бийиктиктен тартылган кадрды тартуу кылабыз. Азыр айрым ырчылар бир күндө жылдызга айланган келиндей аудитория чогулта алабы-жокпу, айтуу кыйын.
«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү
“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...











