18-22-июль күндөрү Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Аталган кинофестивалга катышуу үчүн буга чейин чет элдик жана Кыргыз кинематографисттеринен 600дөн ашык арыз келип түшкөн. Кинофестивалга Азербайжан, Армения, Белоруссия, Грузия, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссерлор катышат. Тасмалар 18-июлдан 22- июлга чейин күн сайын саат 17:00дө башталат.