Кечээ, 23-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор
Жамиля Муратованын атасы каза болду. Музыка чебери
Эдил Муратов 84 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Кош бол, атаке. Апаңарсыз куса болдум деп күндө айтчу элеңиз. Апамдын артынан сиз да кете бердиңиз. Биз эми томолой жетим болуп калдык. Эми апам экөөңөр башка дүйнөдөсүңөр. Жаныңар бейишке чыксын», — деп жазган ал. Жамиля Муратованын апасы, музыкант жана кыл кыякчы Хадима Берикбаева ушул жылдын апрель айында каза болгон.
SUPERTV`нын эмгек жамааты Жамиля Муратовага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.