Жаныбектин көзүнүн көрүүсү начар, Айдана басууда кыйналат. Экөө табышып, кыз-жигит катары мамиле кура баштаганына бир жыл болгонун айтышат. Маектин жүрүшүндө алар “бизди кийин кантип жашайсыңар дегендер болгон” дешет.
«2020-жылдын жаз айлары болчу. Бир фонддо чогуу иштеп калдык. Башында анча деле сүйлөшчү эмеспиз. Мен негизи Ошто жашайм. Анан Ошто 1-2 ай жүрүп келген соң, Айданага дуэт ырдайлы дедим. Макул болду, чогуу ырдап калдык. Ошентип мамилебиз башталып кетти. Дуэт бизди сүйүүгө жетеледи. Чыгармачылык бизди сүйүүгө жетеледи. Башында жакшы дос болчубуз, сырдашчубуз», — деди Жаныбек мырза.










