Блогер Бегимай Ивакова жолдошу менен экинчи наристесин күтүп жатканын соцтармактагы баракчасына жазды.
«Биз жакында төртөө болобуз. Жашырууга болбой калды. Жеке кат сиздердин божомолдорго толуп кетти. Куттуктоолорго ыраазычылык билдирем»,- деп жазды ал.
Эске салсак, Бегимай Ивакова менен жолдошу Низам Таиров экөө учурда кызы Эсмадияны тарбиялап жатышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram