Эне болуп, көп убакыттан бери бала менен үйдө отурган ырчы Нуркыз Кожонова чыгармачылыкка кайтты. “Ата-энеме” аталышындагы чыгармасына клип тарттырганын айткан ал тартуу иштери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
“Уулум 8 ай болуп калды. Клип тартуу учурунда баламды жанымда алып жүрдүм. Бир күнү клипмейкердин жардамчысы, экинчи күнү курбум, үчүнчү күнү өзүм карап, айтор дайыма жанымда болду. Клипти Бек Осмонов деген жаш клипмейкер тартты. Сценарийи да өзүнө таандык. Ал эми актёрлорду чогуу кеңешип, Азиз Мурадиллаев менен Альбина Имашовага сунуштадык. Алар да каршы болбой, макулдугун беришти. Баса, клиптеги 3 кыз тең Альбина эженин кыздары. Тартуу иштери аба-ырайына байланыштуу улам жыла бергендиктен, жаш кыздардын ролуна тапкан актёрлорубуз бошобой калышты. Эмне кыларыбызды билбей жатсак, Альбина эже “менин кыздарым бар да” деп аларды ээрчитип келип, өтө чоң салым кылды”, — дейт ырчы.
Нуркыз Кожонованын “Ата-энеме” клибин SUPERTV телеканалынан көрө аласыздар.













