Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин бул дүйнөдөн өткөнүнө 3 айдан ашты. Сахнада жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс таланттын артында калган жубайы Элвира Жумалиева жолдошу менен таанышкан күндөн тартып анын өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин айтып, көзүнө жаш ала эскерди.
«Мен өлүп калат деп такыр ойлогон эмесмин. Донор таап, дүйшөмбү күнү билет алып, учмакпыз. Ишемби күнү жакшынакай туруп эле «дем ала албай калдым» деп 2 жолу айтты да, кете берди. Палатада эле кетип калган экен», — деди жубайы.












