Казак ырчысы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү каалай турганын билдирди.
«Мен бул жерде концерт берүүнү аябай каалайм, бирок дүйнөлүк тур уланып жатканына байланыштуу бир нече айга, жылга пландалып калган. Балким, кийинки программага киргизебиз», — деди ал.
Ал ошондой эле кыргыздын «Күйдүм чок» ыры жагарын айтты.











