Димаш Кудайберген түрк ди-джей Бурак Йетер менен жаңы бий трегин жаздырды. Бул жолу ырчы угармандарды лирикалык чыгармасы менен эмес, клубдук стилдеги ыры менен кубандырды.
Димаш Кудайберген «Weekend» аттуу жаңы ыры тууралуу Instagram баракчасында айтып берди. Азырынча тректи Сербиядагы Exit фестивалынын катышуучулары гана укту, ырчынын айтымында, ал жакында бардык музыкалык жана санарип платформаларында жеткиликтүү болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram