Бүгүн, 8-декабрда ырчы Ирлан Таалайбековго операция жасалды. Бул тууралуу ырчы SUPERTV`га айтып берди.
“Белимде грыжа бар болчу. Ал чоңоюп, ичти көздөй өсүп, жүлүндү кысып калыптыр. Дарыгерлерге көрүнсөм дароо операция жасоо керектигин айтышты. Бүгүн Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап, эки омуртканын ортосуна имплант койду. Эми гана наркоз тарап, өзүмө келип жатам”, — деди ал.
Ошондой эле операция жасаган дарыгерлерге жана жанында карап жаткан жубайына ыраазычылык билдирди.