17-июнда Германияда өткөн эл аралык «Colors of voice» сынагында Кыргызстандан барган Сайкал Акибаева экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Аталган эл аралык сынак жыл сайын дүйнө жүзүндөгү таланттарды чогулткан көп түрдүүлүк майрам болуп саналат. Сынак биринчи жолу 2003-жылы башталган. Быйыл сынак 19-жолу өтүп, ага 12-16 жаштагы музыкалык мектепте билим алып жаткан окуучулар катышып келет. Сынак Германиянын Гезеке шаарында өттү. Сынактын жобосу боюнча Сайкал сынактын жеңүүчүсү катары 750 доллар жана атайын статуэтка менен сыйланды.












