Кыргыз Республикасынын эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан «Аманат» аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканада өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
«Иманалиев төкмө акын жана обончу катары буга чейин эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын калемине таандык керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, анын көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылууда. Китептин бет ачарында анын ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары обондуу ырларынан ырдашты», — дешти.