«Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмоновдун кызмат ордуна Азамат Болгонбаев бара жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп эле иштеп жатат. Коомчулуктан суранаарыбыз, жалган жана такталбаган маалыматтарды жазып, аны таратпоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...








