Кечээ, 13-январда Орусиянын “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аба майданынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, ырчынын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.
Алгач, ал жылуу тосуп алган күйөрмандарына ыраазычылык билдирүү менен, келечектеги пландары менен кыскача ой бөлүштү. «Мен “Голос” долбооруна катышып жатканда менин артымда кандай колдоо болуп жатканын жана мен үчүн жан үрөгөн күйөмандарым бар экенин сезип турдум. Кереметтер болот, эң башкысы өзүңө ишен. Колдооңуз үчүн баардыгыңызга чоң рахмат. Менин жеңишим, менин ийгилигимдин артында ата мекеним жана менин колдоочуларым бар экенин билем. Мен кайда болсом да өз туулган жеримди жана ата мекенимди унутпайм», — деди.
Анын айтымында, ырчы жеңиштин даамын сезүү жана аны менен бөлүшүп, күч кубат алуу үчүн Кыргызстанга келген.
32 жаштагы Александр Волкодав Орусиянын «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. 2021-жылдын 30-декабрындагы жыйынтыктар Биринчи каналда көрсөтүлүп, финалда мекендешибиз казакстандык эки ырчыны жана орусиялык артистти утуп алган. Финалдык концерттин алдында жеңүүчү ырчы Пелагеянын музыкалык тобуна мүчө болуу сунушун кабыл алган.
“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...
9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган. Асаналы Калил уулун...
Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү...
Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын куруу иштери расмий түрдө башталды. Курулуп жаткан жаңы имараттын...
Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Биздин үй-бүлөбүздө орду толгус чон жоготуу!...