Бүгүн, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, ”Кыз-Бурак” кыздар эстрадалык тобунун негиздөөчүсү, обончу Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш мааракеси салтанаттуу белгиленди.
Ага Маданият министри Алтынбек Максутов, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, маданий, коомдук ишмерлер жана Гүлшайыр Садыбакасованын чыгармачылыгын сыйлаган инсандар катышты. Министр Гүлшайыр Садыбакасованын 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, улутубуздун маданиятына, кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымына токтолду. “Сиз ак эмгегиңиз, бири-бирине окшошпогон жаркын обондоруңуз менен угуучулардын жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан, таланттарды баптаган, коомчулукта бараандуу ордуңуз бар инсансыз. Сиз менен биз сыймыктанабыз”, — деди министр.
Салтанаттуу кече Гүлшайыр Садыбакасова тууралуу тартылган тасма, ал жараткан обондор камтылган концерттик программа менен коштолду.
Гүлшайыр Садыбакасова кыргыз эстрада тарыхында урма аспапта ойногон алгачкы кыздардан болгон, 40 жылдан ашуун тарыхы бар «Кыз бурак» тобунда 320дөн ашык кызды, 60дан ашык жигитти тарбиялаган. Учурда топто ырдаган кыздардын айрымдары чыгармачылык чөйрөдө эмгектенип келишет. Ал 130 ашуун обон жараткан. Көпчүлүгү эл арасында популярдуу.