«Акыркы сабак» сериалынын баш каармандары Океана Урматбек (Пери) менен Кутман Айылчиев (Урмат) жакында үйлөнүшөт. Кечээ, 5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун социалдык баракчасына жүктөдү. Экөө тең «жакында үй-бүлө болобуз» деген билдирүү калтырышкан.
Режиссёр Руслан Акундун «Акыркы сабак» сериалы 2021-жылы элге көрсөтүлүп, тез эле популярдуу болуп, элдин алкоосуна арзыган.










