Шаршемби, 19.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС

Жаныш Кулмамбетов: «Элүүгө чыккан таланттарыбыз «эл артистин» мындай коёлу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт»

12:27 30.12.2022
0
Жаныш Кулмамбетов: «Элүүгө чыккан таланттарыбыз «эл артистин» мындай коёлу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт»
«Элүүгө чыккан таланттарыбыз «эл артистин» мындай коёлу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт». Мындай пикирди камтыган билдирүүнү театр таануучу, публицист Жаныш Кулмамбетов соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жаңы жылдын алдында маданият менен искусствонун бир топ өкүлдөрүнүн мээнетинин акыбети кайтып, көп жылдык чыгармачылык эмгеги үчүн ардактуу наамдарды алышты. Бирок өкүнткөн жагдай — бул эчак эле сиңирген эмгегине, жаш курагына ылайык наам, сыйлык ала турган дагы кыйлаган таланттар, бул жолу да үмүтү саргарып кур калышканында.

Болбосо, ушул наам алгандардын катарында (мен өзүмө жакшы тааныш театр чөйрөсүнөн гана мисал келтирем) Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынан 70тен өткөн Шайымбек Кыдырмаев, 70ке чукулдап калган Вера Сариева менен Садыр Ниязакунов, эл ортону элүүнү жакалап турушкан Нурлан Салидинов, Жеңиш Кангелдиев, буларга куйрук улаш келатышкан Жеңиш Сманов, Асхат Сулайманов, Камчы Сарыбаев, Арнис Кыдырмышев; Нарын театрынан 80ди көздөй секирик жасаган Кенжекул Мендебаиров (баса, былтыр Ардак грамота берип 5 жылга кезекке коюшту!), таланттуу обончу, ырчы, актер Адылбек Кыязов; Көл театрынан ашкере таланттар Шайыр Супатаева, 70ти желкелеп турушкан Калыйча Акматова менен Орунгүл Кожомкулова, элүү дабандан өткөн Света Абдыкадырова; Ош менен Жалал-Абаддан улуу муун болуп калышкан Солтобай Кулбаев менен Шайыр Мамбетова; ТЮЗдан «кыргыздын Ричард Гири» деген атка конгон, пайгамбар жашына келип калган Өмүрзак Токтомуратов, элүүгө чыкканда араңдан зорго Ардак грамота алган ошол эле Руслан Курманалиев; Орус драмдан жетимиштин тамагын ичип аткан Ольга Жигулёва, алтымышты такымдап калган Вера Анисимова, эр ортонунан өткөн Болот Тентимишев (азыр филармонияда) менен Сайра Эсенбаева, элүү ашууну басканда Ардак грамотага зорго илинген Владимир Кисляк; Чүйдөн жетимишти көздөй кадам ташташкан Ороз Айдаров, Таалай Касымалиев, кырктын кырынан өткөн Нургүл Мамутова жана башка аты аталбаган канчалаган татыктуу таланттар да болуш керек экенин биздин маданият менен искусство журтчулугу эң сонун билишет.

Маселенин экинчи жагы, булардын артынан дагы таланттуу кийинки муун өсүп жетилип келе жаткандыгында. Алар эртең эле ага-эжелери менен наам-сыйлыктарга атаандаш болуп чыга келишет. Бул табигый көрүнүш. Ансыз да, азыр улуу муундагылар менен орто муундагылардын ортосунда, наамдын айынан тымызын конфликт өкүм сүрүп турганы чындык.

Абалдын мына ушундай болуп калышы 2012-жылдан 2018-жылга чейинки негизсиз жана тыянаксыз мораторийдин кесепети. Ушул тапта, биздин эле маданият министрлиги бир отурумунда, 2012-жылга чейинкидей 60-70тен эмес, 400дөн ашык документтерди кароого аргасыз болот. Мораторий болбогондо, анча-мынча оош-кыйыш менен, ар бир муун өз энчисин өз убагында алып кетмек.

Мен эч кимге акыл үйрөткүм келбейт. Бирок, менимче, бул маселени бир ирээт тобокелге барып туруп, кезек күтүп саргарган, убактылары эчак эле келген таланттарга дүңүнөн ардактуу наамдарын ыйгарып койсо, андан ары баштагыдай табигый жолуна түшүп кете берет эле.

Дагы бир маанилүү жагдай. Кырктан өтүп, эмгеги сиңген таланттарга Ардак грамота эмес, наам ыйгарган оң. Грамота мотивация бериш үчүн, стимул болуш үчүн, биринчи кезекте, жаштарга жарашат. Советтик мезгилде Ардак грамотасыз эле отуздан өткөн таланттарга «эмгек сиңирген…», кыркка чукулдап калганда «эл артисти» деген наамдар байма-бай берилчү. Муратбек Рыскулов 49 жашында, Даркүл Күйүкова 46 жашында, Бакен Кыдыкеева 47 жашында СССРдин эл артисттери болушкан! А биздин элүүгө чыккан таланттарыбыз, «эл артистин» мындай коелу, «эмгек сиңиргенди» ала албай жүрүшөт», — деп жазылат.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева баш кошушту

Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиева баш кошушту

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
15:19 14.11.2025
0

Буга чейин ырчы Айганыш Абдиева аны ала качып кетишкенин айткан эле. Күйөрмандарынын көпчүлүгү анын кимге турмушка чыкканын болжоп жатышкан. Маалыматка...

«14 жыл болду. Анын көңүлдөшү бар». Юморист Турсынбек Кабатовдун мурунку жубайы ачык маек берди

«14 жыл болду. Анын көңүлдөшү бар». Юморист Турсынбек Кабатовдун мурунку жубайы ачык маек берди

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:26 03.11.2025
0

Белгилүү казакстандык шоумен жана юморист Турсынбек Кабатовдун мурдагы жубайы, продюсер Молдир Муканова алгачкы жолу алардын ажырашуусунун себептери тууралуу ачык айтып...

Актёр Өмүрбек Израилов “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

Актёр Өмүрбек Израилов “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

Автор Айзада Тураркулова
18:50 02.11.2025
0

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисти Өмүрбек Израилов «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты Маданият,...

Ырчы Үмүтай Абдышова министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды

Ырчы Үмүтай Абдышова министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды

Автор Айзада Тураркулова
18:49 02.11.2025
0

Ырчы Үмүтай Абдышова Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрилигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кубанычтуу кабары менен ырчы айым социалдык тармактагы...

3 жылдан кийин кайрадан сахнада. Светлана Назаренко күйөрмандарын кубантты

3 жылдан кийин кайрадан сахнада. Светлана Назаренко күйөрмандарын кубантты

Автор Айзада Тураркулова
11:15 31.10.2025
0

Көпүлүккө белгилүү "Город 312" тобунун солисти Ая Светлана Назаренко инсульт алгандан кийин алгачкы ирет сахнага чыкты. Ал "Золотой граммофон" музыкалык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

11:26 18.11.2025
Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

11:03 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

1
Акжол Махмудов Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

Акжол Махмудов Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

09:24 19.11.2025
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

15:24 18.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү