Белгилүү ырчы Гүлназ Чыныбек кызы SuperTV телеканалына маек берип жатып, Казакстанда иштеп жүргөндөгү оор күндөрүн эскерди.
«Бир эле учурда жеке жашоомдо чоң өзгөрүү болду, ден соолугума байланыштуу операция болдум. Соодам оңунан чыкпай, тапкан акчамдын баарын жоготуп, эч нерсеси жок калгам. Бала кездеги ырчы болом деген кыялымды ишке ашыруу үчүн бирде ыйлап, бирде күлүп, бардык оор күндөрдү жеңдим», — дейт ырчы айым.











