Netflix платформасында 22-ноябрда «Кальмар оюну» сериалынын стилинде даярдалган жаңы реалити-шоу көрсөтүлөт. Аталган платформа «Кальмар оюну: чакырык» деп аталган берүүнүн трейлерин жарыялады.
Анда 456 катышуучу баш байгеси 4,56 миллион доллар болгон акча үчүн күрөшөт.
2021-жылы чыккан Түштүк Кореянын «Кальмар оюну» («Игра в кальмара»/»Squid game») сериалы Netflix платформасында көрсөтүлүп башталары менен рейтингде төрдү ээлеген.