Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” аттуу фестиваль кечээ, 2-июлда жыйынтыкталып, республикалык жана облустук ар кандай номинациядагы сынактарда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Сыйлыктарды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Илияз Иманбетов жана Каракол шаарынын мэри
Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын борбордук аянтынан тапшырышты.
Кыргыз-казак эл аралык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү:
Баш байге: Азамат Болгонбаев жана Мухтар Ниязов;
1-орун: Эсенбек Кийизбаев жана Бауыржан Ширмединұлы;
2-орун: Арген Биймырза уулу жана Турат Жумаев;
3-орун:
Изат Айдаркулова жана
Максат Кулуев.
“Шайыр апалар“ сынагынын жеңүүчүлөрү:
1-орун — “Айым эне” Балыкчы шаары;
2-орун – “Чолпон-Ата айымдары” Чолпон-Ата шаары;
3-орун – “Шапак ата келиндери” Түп району;
3-орун – “Барскоон айымдары” Жети-Өгүз району.
“Этно мода” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Ош шаары;
2-орун — Түп району;
3-орун — Бишкек шаары, Ак-Суу району.
“Так теке” сынагы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Ысык-Көл облусу, Каракол шаары;
2-орун — Нарын облусу;
3-орун — Жалал-Абад облусу.
«Ысык-Көл – Боз үй мекени” макамын алгандыгына байланыштуу «Хан Боз үйлөр жасалгасы, каада-салт» сынагы (республикалык деңгээлде):
3-орун – Жалал-Абад облусу.
«Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү» сынагы (республикалык деңгээлде):
1-орун — Нарын облусу (Айсалкын Сатылганова — шырдак);
2-орун — Ысык-Көл облусу (Рая Орозбаева — сайма туш кийиз)
3-орун — Жалал-Абад облусу (Таштанбек Сооронбаев — кылкыяк мүйүздөн жасалган).
«Фольклордук этно топтордун салттуу музыка сынагы» (республикалык деңгээлде):
1-орун – Ош шаары “Улуу Мурас” фольклордук тобу;
2-орун – Чүй облусу “Кер-Өзөн” фольклордук тобу;
3-орун – Ысык-Көл облусу “Кут” ансамбли.
«Элдик көчө театрлардын сынагы» (Акелердин тарыхы жана улуттук нарк боюнча облустук деңгээлде):