Кыргызстандык ырчылар Азат Раимбердиев, Александр Волкодав жана Миңжашар Мурзаев Орусиянын “Голос” теледолбоорунун кастингинен өттү. Бул тууралуу ырчылар социалдык тармактагы баракчаларына жазып, сүйүнчүлөштү.
Айта кетсек, биз буга чейин Азат Раимбердиев менен маек курганда ал аталган долбоорго катышууга камынып жатканын айткан.
Ошондой эле, Александр Волкодав менен да маектешип, анын келечектеги пландары тууралуу кеп кылганбыз.











