Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов (Imanbek) “Мыкты классикалык эмес ремикс” үчүн Грэмми сыйлыгын алды. 20 жаштагы диджейдин америкалык рэпер Saint JHN’дин аткаруусундагы «Roses» ырына жаздырган ремикси ийгилик алып келди.
“Грэмми” — бул Американын Искусство жана үн жаздыруу боюнча улуттук академиясы тарабынан жыл сайын берилчү музыкалык сыйлык. 2021-жылы аталган сыйлык 63-жолу уюштурулган.