Abank july
SerepTV Logo

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбекова: "Менден мурун жолдошум чарчап, кеттикчи Казарманга деп жатат"

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбекова: "Менден мурун жолдошум чарчап, кеттикчи Казарманга деп жатат"
Кечээ, 22-июнь күнү бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун кабылдамасында болуп, 4 күндөн бери үй-бүлөсүнө да кенен көңүл бура албай жатканын айтты. "Атым коомчулукка тарагандан бери 4 күн болуптур, жолдошум менен кенен отуруп сүйлөшө элекпиз. Кайда барбайын мени коштоп жүрүп, менден мурун эле чарчап калды. Азыр Бегимай, болдучу, айылга кетеличи деп калды", - деди Бегимай. Бегимай Турусбекова "Ынтымак" сейил багында Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хиттерин ырдоо менен борбор калаадагы эс алуучуларды багынткан. Видеолор дароо интернетке тарап, чыныгы талант катары тааныла баштады.
SEREP MEDIA