Royal
SerepTV Logo

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбековага министрликтен сунуш түштү

"Келин Дион" атыккан Бегимай Турусбековага министрликтен сунуш түштү
Кечээ, 22-июнь күнү бир күндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун кабылдамасында" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/ministrlik-bir-tyndo-jyldyz-bolgon-kelindin-el-aralyk-arenaga-chyguusuna-komoktoshoryn-bildirdi/">кабылдамасында болду. Анда министр Бегимай айымга мамлекеттик кызматка орноштуруу боюнча сунуш киргизди. "Эгер Казармандан Бишкекке келе турган болсоңуз, мекемеден сизге орун караштыралы. Мюзиклдеби, концерттердеби, айтор, кандай маданий иш-чара болсо, сизди катыштыра турган болушубуз керек. Сизди эл аралык аренага чыгарышыбыз зарыл", - деди министр. Сунуш боюнча Бегимай Турусбекова: "Мен күткөн мезгил келип жатат окшойт. Шоу-бизнесте мени тааныгандардын баары "бизге окшошпо, жоолугуңду чечпе" деп жатышат. Бирок үй-бүлөлүү болгондон кийин жолдошумдун айтканы мен үчүн мыйзам. Андыктан бул сунушту үй-бүлөм менен макулдашып, анан жообун берейин", - деди.