Режиссёр Грета Гервиг тарткан «Барби» тасмасы прокатка чыккан дем алыш күндөрү кассадагы «хит» статусуна ээ болгон. Көркөм тасма 330 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
Кино сынчылар тасманын мындай масштабдуу ийгилигине тасма жарыкка чыгар алдында эле башталган жарнама кампаниясы себеп болгонун билдиришет. «Барби» куурчактарын жасоочу Mattel компаниясы 100дөн ашык кызматташуу менен келишим түзгөн. Көркөм фильмди дал ушундай туруктуу жана активдүү пропагандалоо өз жемишин берди деп эсептешет.
Учурда киносынчылардын көбү дүйнөлүк рынокто 60 жылдан ашык убакыттан бери келе жаткан «Барби» куурчагынын популярдуулугун эске алганда, тасманын ийгиликтүү болору күтүлгөн эле нерсе болчу. Тасманын ийгилиги анын темасынын өтө актуалдуулугу менен да байланыштуу.
Барби тасмасы феминизм, Me Too кыймылы (сексуалдык ыдык көргөндөргө жардам берүү) жана патриархалдык коомдун көйгөйлөрү сыяктуу дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу маселелерин камтыйт. Мындай тема кеңири аудиториянын көңүлүн бурууга мүмкүндүк берген.