Колумбиялык ырчы Шакира жана «Барселона» клубунун коргоочусу Жерар Пике ажырашышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы айым жолдошунун башка бирөө менен мамиле куруп жүргөнүн билип калган. Жерар Пике бир нече жумадан бери эски батиринде жалгыз жашап жатканы айтылат. Аны түнкү клубдарда башка аялдар менен жүргөнүн көргөндөр болгон.












