Белгилүү куудул, ырчы Кубик Калыков балдары белек кылган унаасы менен тааныштырды. Маек учурунда Кубик мырза мамлекеттик сыйлыкка көптөн бери документ тапшырып жүргөнүн, бирок дагы деле жыйынтыгы боло электигин айтты.
«Эң алгач велосипеддин рулуна отургам. Анан мотоцикл. Жаңы үйлөнгөндө мотоцикл менен жеңеңе барчумун. Андан кийин Запорожец алдым. Ошентип унааларды алмаштырдым. Өткөндө балдарым «апам экөөңөр умрага барып келсеңер, дагы жаңы унаа белек кылабыз» дешти. Мына буюруп, ушул электр мобилди белекке алдым. Жакшы унаа экен. Чөнтөгүңдө акча жок болсо деле айдап кете бересиң. Кыскасы, өтө ыңгайлуу унаа экен. Унаам бузула баштаганда балдарым «унаасы эскириптир» деп билишет. Биз балдарды чоңойтуп коюптурбуз, азыр үзүрүн көрүп жатабыз», — деди ал.











