Бишкекте Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Фестиваль улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлде алып чыгуу жана жандандыруу максатында иштелип чыккан жана президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын белгиледи.
Фестиваль эки компоненттен турат. Биринчи бөлүктө «Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: мифологиялык семантиканы жана типологияны изилдөө аспектилери» аттуу илимий-практикалык симпозиум өткөрүлүп, анын натыйжасында дүйнө элдеринин эпикалык салттары кеңири талкууланмакчы, жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынат, ошондой эле «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек столу өтөт. Экинчи компоненттин алкагында «Кыргыз Көчү» этнографиялык айылында «Мыкты боз үй», «Мыкты Семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынагы өтөт. Фестиваль 2021-жылдын 25-сентябрына чейин созулат жана концерттер жана улуттук оюндар менен коштолот. Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.