Кыргызстанда тартылган «Ала качуу — Take and Run» кыска метраждуу тасмасы Америка киноакадемиясынын «Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма» номинациясынын шорт-листине кирди.
94-«Оскар» сыйлыгынын расмий сайтында маалымдалгандай, немис режиссёру Мария Брендлдин бул тасмасы 140тан ашык тасманын ичинен тандалып, эңсеген статуэтка үчүн ат салышкан 14 финалисттин катарына кирген.
«Ала качуу — Take and Run» тасмасынын бет ачары 2020-жылы Род-Айленд кинофестивалында (АКШ) болгон. Режиссёр аны 2019-жылдын август-сентябрь айларында тартып, аны менен Кыргызстандагы кыз ала качуу көйгөйүн жалпы коомчулукка айткысы келгенин айткан. «Тасмам менен келиндердин үнүн жеткиргим келди», — дейт ал.










