Кыргызстандык Александр Волкодав бүгүн орусиялык «Голос» долбоорунун жыйынтыктоочу концертинде ырдайт.
Программа Москва убактысы боюнча саат 21:30да (Бишкек убактысы боюнча 00:30) түз эфирде көрсөтүлөт. Александр Волкодавдын номери 4447 жана аны добуш берүү аркылуу колдоого болот. Бирок Орусиянын байланыш операторлорунун абоненттери гана SMS жөнөтө алышат. Бир номерден ар бири 50 рубль турган беш билдирүү жөнөтүүгө мүмкүн. Атайын линиялар ачылганда гана добуш бере аласыз. Бардык түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалат.











