Кыргызстандык “Nomad” тобу Москва шаарында 20-сентябрда өткөн «Евровидениеге» окшош “Интервидение” эл аралык музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду ээледи. Алар “Жалгыз сага” аттуу ыр менен сахнага чыгышты.
Биринчи орун Вьетнамдын өкүлүнө ыйгарылды. Вьетнамдык ырчы Дык Фук жеңүүчү болду. Ал Вьетнам мифологиясындагы Кытай баскынчыларынан өлкөнү сактап калган баатыр Тхань Зенгге арналган ырды аткарды. Дык Фук хрусталл кубогун жана 30 миллион рубль байгесин алды.
Nomad Trio — курамында Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаев — улуттук тандоодо 70 упай топтоп, жеңүүчү аталып, Москва шаарында өтө турган эл аралык «Интервидение‑2025» сынагында көрсөтмөк болушкан.












