Кыргызстандын «Kairos» тобу Орусиядагы «Битва каверов» сынагынын суперфиналына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган топтон билдиришти.
- Шоу берүүгө Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Кубанын ар кайсы шаарларынан 40тан ашык музыкалык топтор катышууда. Ар бир чыгарылышта командалар белгилүү хиттердин версияларын тартуулашат, ал эми калыстар тобу жана 500 көрүүчүгө ылайыкталган зал эң мыктыга деп добуш беришет.
Топтун мүчөсү Камбар Календаровдун айтымында, алар сынак тууралуу тааныштарынан угуп калып, катышууну чечишкен. Ал суперфиналга чейинки чыгарылыштар Москвада февраль айында тартылганын айтты. Кечээ, 24-мартта сынактын 1-чыгарылышы көрсөтүлдү. Анда Кыргызстандын тобу 3 ыр ырдап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен суперфиналга чыкты.
Алгач Артур Пирожковдун «Зацепила меня» ырын Эминемдин стилинде ырдап чыгышса, кийин Tanir & Tyomcha’нын «Потеряли пацана» ырын Жеймс Браундун стилинде аткарышты. Ошондой эле Ирина Аллегрованын «Младший лейтенант» ырын Миягинин стилине салышты. Учурда топ суперфиналга кызуу даярданып жатканын билдиришти.