Кечээ, 18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын “Мейкин Азия” III эл аралык Ысык-Көл фестивалы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Салтанаттуу иш-чаранын ачылышына маданият министри Алтынбек Максутов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ильязбек Иманбетов, «Түрксой» эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты. Максутов фестивалдын уникалдуулугу, калк арасында достукту чыңдоо максаттарынан улам жогорку кадыр-баркка ээ болгонун белгилеп, көптөгөн жаш таланттарга өзүнүн чоң чыгармачылык жолун, дүйнөлүк атак-даңкка жетүү жолун баштоого мүмкүнчүлүк бергендигине токтолду. Анын жаркын мисалы катары, 2013-жылы биринчи фестивалда казак ырчысы Димаш Кудайберген баш байгени утуп, фестиваль ага алгачкы популярдуулукту алып келгенин баса белгиледи. Андан соң, Димаш Кудайбергендин видео кайрылуусу келген меймандарга жана катышуучуларга сунушталды.
Расмий бөлүктөн соң, фестивалдын сынактык бөлүгү башталып, ар бир катышуучу өз эне тилинде конкурстук ырын жандуу аткарды. Фестиваль бүгүн, 19-август күнү да уланат. Анда катышуучулар өз тандоосу боюнча дүйнөлүк хит ырларды аткарышмакчы.