Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте түрк актрисасы Мерьем Узерлинин катышуусунда Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы долбоордун бет ачары өтүп, актриса журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.
Актриса маалымат жыйын үчүн кыргыз дизайнерлеринин кийимдерин тандады. Ал Айкин Арипованын көйнөгүн, Мээрим Таабалдиеванын бут кийимин кийип чыкты.