Ырчы Мирлан Баеков 40 жашында жогорку окуу жайды аяктап, билимдүү маданий ишмер болду. Жогорку билими тууралуу ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.
«Мен алгач 2002-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, бүтөрүмө жарым жыл калганда гастролго кызыгып, окууну таштап салгам. Эгер ошондо окуумдун аягына чыксам, Маданият жана искусство университетине 3-курстан отурмакмын.
«Кызыл өрүк» ырын ырдап, атым чыгып калганда маданият чөйрөсүндө жүргөндөн кийин дипломдуу артист болоюн деп чечтим. Андыктан Маданият жана искусство университетине тапшырып, кайра 1-курстан окуп, окууну быйыл аяктадым. Биздин факультет социалдык-маданий ишмердүүлүк болгондуктан, группада жалаң маданият үйлөрдүн директорлору, музыка сабагынын мугалимдери, айтор, ар кандай жаш курактагы маданий кызматкерлер окуду», — дейт Баеков.