«Мосфильмдин» реквизиттери кыргыздын улуттук кийимдери менен толукталды. Мындай маалымат аталган мекеменин социалдык баракчасына жарыяланган.
«Мосфильмдин» костюм үйү жана реквизиттери СССрдин курамында болгон республикалардын улуттук костюмдары менен толукталууда. Акыркы жолу реквизиттерге кыргыз улуттук кийимдери кошулду. Кийимдер костюм боюнча адистин даярдаган үлгүлөрүнөн жасалган», — деп жазылат маалыматта.