«No name» Тамашоу командасынын капитаны катары таанылган шоумен Мурат Жалиев акыркы жылдары эл алдына көп чыкпай, коомчулуктан алыстап калган эле. Муну ал ден соолугуна байланыштырып келет. «Өзбекстандан жакында гана так диагнозду айтышты» деген Мурат мырза менен маекти сунуштайбыз.
«Мен көрүнбөй калган себебим «No name» командасы менен концертке эле чыкпай калдым. Акча тапкан жеринен келгенде эл арасында эле жүрөбүз. Бөлүнүп калды деп айткан туура эмес болуп калат, бөлүп эле көрсүнчү»,- деди ал.
Ал ошондой эле тойдон башка киреше түшкөн жерлери бар экенин айтып, бирок ачыктабай турганын айтты. «Үйдө жатсам да нан алып келе турган жерлерим бар»,- деди ал.












