Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаировдун агасы Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
1997-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Режиссура» кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук музыкалуу драма театрына келип, дипломдук ишине «Жашоо деген…» спектаклин койгон. 2012-жылдан ушул күнгө чейин Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген. Сөөк узатуу тажиясы эртең, 3- май саат 11:00дө Нарын шаарында Жаңы-жол аймагында өтөт.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.