SuperTV телеканалы жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев туулуп-өскөн Нарын облусундагы Дөбөлү айылына барды. Интервью учурунда төкмө акын башынан өткөн ары кызыктуу, ары оор күндөрүн эскерип берди. Ошондой эле Нурсултан мырзанын апасы уулунун жеке жашоосуна байланыштуу жаңылыктарын ачыктады.
«Нурсултан Малдыбаев үйлөнгөн, үй-бүлөсү бар» деген сөздөрдү угуп калдым. Таласта айтыш болгон. Эки күн тең айтышта күйөө бала темасы болгон. Айтыш — бул чыгармачылык. Өмүр өз жолунда», — деди ал.
«Уулум айтышта жүрүп, көп ийгиликке жетишти. Байгелеринен үйгө көп салым кошкон. Көп акчасы менен колума өтөт», — дейт апасы.








