SuperTV телеканалы жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев туулуп-өскөн Нарын облусундагы Дөбөлү айылына барды. Интервью учурунда төкмө акын башынан өткөн ары кызыктуу, ары оор күндөрүн эскерип берди. Ошондой эле Нурсултан мырзанын апасы уулунун жеке жашоосуна байланыштуу жаңылыктарын ачыктады.
«Нурсултан айылга келген сайын «келин алып кел» деп кыйнайбыз. Анан ошол күнү дагы келин тууралуу сөз болуп кетти. Келип эле, «видео тартабыз, ырдаңыз» деди. Ырдадык. Ошол видео кайра өзүмө келе баштады. Жакшы сөздөр жазылды. Ошентип азыр ТикТок тартып турабыз. Мен өзүм да ырдап калам. Нурсултандын сүйлөшкөн кызы бар экенин элден угуп калам, өзү айтпайт. Чыгармачыл чөйрөдөн жубай алса, биз колдоого даярбыз. Ала турган келинди мени менен тааныштырган. Мага аябай жагат. Маңдайы жарык, менин оюмдагыдай келин келет деп сүйүнүп жүрөм. Чыгармачыл чөйрөдөн экен», — деди апасы.











