«Октябрь» кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын өзүнүн имараты жок болчу.