Куудул Рахман Разыков коронавирус илдетине чалдыкты. Маалыматты SUPERTV`га куудул өзү тастыктап, акырын чыккан үнү менен буларды айтты.
«Азыр Ошто ооруканадамын. 13 күндөн бери ооруп жатам. Абалым баштагыга караганда жакшы», — деди ал.
SUPERTV куудулга бекем ден соолук каалап, ооруну тезирээк жеңип чыгышына тилектеш.











