Белгилүү орусиялык режиссер Елена Погребижская кыргыз ырчысы Бегимай Турусбекова тууралуу тасма тартты.
Орус режиссёрунун тасмасында жазылгандай, айылдан келген кожойке караокеде ырдап, жылдызга айланды. Тасма 1,5 сааттай убакытка созулат. Анда Бегимай Турусбекова үй кожойкесинен жылдызга айланганга чейинки жашоосу тууралуу айтып берген. Тасма бир күндө жарым миллиондой көрүүнү топтоду.










