Мындан бир ай мурда интернетте Нурбол Кайратбек уулу аттуу жигит роль ойногон Орусиянын «На близком расстоянии» тасмасынын тизери пайда болгон. Эң кызыгы тизерде Кыргызстандын «Ак-Өргө сити» командасынын «Дык-кын-дыш» ыры колдонулган. Мындан улам тасмада роль жараткан жигиттин Кыргызстан менен кандайдыр бир байланыштын бардыгы божомолдонгон.
Жергиликтүү ЖМКлардын бири анын кыргызстандык экенин жазып чыкты. Тасмада атактуу актрисанын жашоосу баяндалат. Ал пандемия учурунда эшигинин алдына келген курьерди көрөт. Борбор Азиядан келген мигрант эс-учун жоготкон абалда болот. Ооруп калуудан коркпогон актриса жигитти үйүндө багат, бирок бир шарт менен… Аталган фильм Орусияда 28-октябрда прокатка чыгат. Башкы ролду актриса Ксения Раппопорт ойногон. Ал эми режиссеру Григорий Добрыгин.
Режиссер Нурбол Кайратбек уулун чыныгы курьердик кызматтан тапкан. «Курьерди актер ойнобойт, бирок ал тасмага тартылды, демек, актёр. Мен тамак-аш жеткирүүчү компанияга жумушка орношкондо, курьерлер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алдым. Ал жерде 3 миңге жакын адам бар. А менде актёрдук база бар болчу, мен жөн гана аватаркадан тасмага актёр издеп жүргөм. Нурбол Кайратбек уулункөрүп, дал ушул адамды издеп жүргөнүмдү түшүндүм. Агентимди ага жазууну сурандым, ал көпкө чейин байланышка чыкпай жүрдү, акыры жолуктук. Тилекке каршы, биз аны тасмага тарткандан кийин таппай калдык, ал байланышка чыкпай жатат», — деди Добрыгин «Вечерний Ургант» программасынын эфиринде.