Польшада өткөн «Miss Supranational 2022» сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Ширин Алайчиева финалга чейин барып, бирок байгелүү орунга илинген жок.
Белгилей кетсек, аталган сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышып, 18 жаштагы ОшМУнун медицина факультетинин студенти Ширин Алайчиева 69 өлкөнүн сулуулары менен тең тайлашты. Сынактын расмий баракчасындагы маалыматка ылайык, Түштүк Африканын өкүлү жеңүүчү деп табылган.