Кыргыз Эл артисти, белгилүү режиссёр Актан Арым Кубат Япония менен Казакстандын биргелешип тарткан тасмасында тартылууда. «Биринчи жолу башка режиссёрдун тасмасына тартылып жатам» деген актёр, режиссёр СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жаңы эмгеги тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
— Мен башка режиссёрлордун тасмасына актёр катары тартылам деп такыр ойлогон эмесмин. Күтүлбөгөн жерден Япониядан Сано Синдзю чалып, жаңы тасмасына ролго чакырып калды. Мен аны менен 1998-жылы «Бешкемпир» тасмамды коюу үчүн Токио кинофестивалына барганда таанышкам. 90-жылдары ал Казакстандагы Япониянын элчилигинде маданият тармагында атташе болуп иштеп турганда кинематографияга кызыгып, продюсер катары ийгиликтүү эмгектерди жараткан. Ал «Казакстандын жаңы толкуну деп» саналган Серик Апрымов, Амир Каракулов баш болгон белгилүү режиссёрлордун 10 чакты тасмасына продюсерлик кылган.
Мен тартылып жаткан тасма «Кичинекей самурай» деп аталып, ага Ерлан Нурмухамбетов режиссёрлукк кылып, Сано продюсер, сценарист жана сорежиссёр болуп эмгектенүүдө. Ал менин чыгармачылыгым менен жакшы тааныш, сценарий жазылып баштаганда мени актёр катары чакырам деп пландап койгон экен. Мага бул ролду сунуштаганда мен актёр эмесмин деп баш тартсам, Сано «ойноштун кереги жок, жөн эле образда жашап бериңиз» деп көндүрдү.
Тасмада совет-япон согушу маалында Сахалинге атасын издеп келип, туткун катары Казакстанга сүргүнгө айдалган баланын окуясы баяндалат. Мен япон баланы багып алган балыкчы Ыбырайдын ролун жаратып жатам», — дейт Актан Арым Кубат.
Белгилей кетсек, тасмада «Ника», Канн кинофестивалдарында «Мыкты аялдын ролу үчүн» наамга татыган казакстандык актриса Самал Еслямова да роль жаратууда.