Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Азамат Арыковдун “Ниет” тасмасынын бет ачары өтүп жатат.
Арыков өзү билдиргендей, бет ачарга жакындары, тааныштары жана демөөрчүлөр чакырылган. “500 киши чакырсак, 600дөй киши келди окшойт” деген актёр тасманы тартууга президенттин уулу Рустам Жапаров демөөрчүлүк кылганын айтты.
Ал ошондой эле тасманы тартууга 8 ай убакыт кеткенин билдирди.