Ырчы Сагын Эргешов «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Ага төш белгини Маданият министри Алтынбек Максүтов такты.
«Маданият тармагында 7-8 жылдык эмгегим бар. Таңкы саат 4-5те туруп, таңкы программаларды алып барып, кечинде радиодо иштеп, андан соң ырчылык жолумда… Быйылкы жылы жети облуста 200дөн ашык концерт бергенге жетиштим. Маданиятка аз да болсо салым коштум деп ойлойм. Мен үчүн чоң стимул болду. Мындан ары бул Эл артисти наамына чейин жол ачкан сыйлык болсун. Жалпы кыргыз элиме чоң рахмат. Бул сыйлык сиздердики», — деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











