Экс-депутат, социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары, диктор Лунара Мамытова үй-бүлөсү менен уулу Арланга жентек той беришти. Тойго ырчы Сайкал Садыбакасова да келди. Ал уулун тарбиялоонун жагымдуу түйшүгү боюнча айтып берди.
«Менин уулум мен каалагандай. Курбуларымдын балдары шок. А мен балам менен дос болуп алгам. Баарын айтып берет. Тил табышып алганбыз», — деди ал.